Кыргызстандык ырчы Россияда "Голос" шоусунун жарым финалына өттү. Видео

Sputnik
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" теледолбоорунун жарым финалына өттү. Анын катышуусундагы көрсөтүү шоунун YouTube-каналына жүктөлгөн.
Ал чейрек финалда Рой Орбинсондун хитке айланган "Pretty Woman" ("Сулуу") чыгармасын аткарды. Түз эфир 18-декабрга караган түнү көрсөтүлдү.
Жарым финалга өтө турган конкурсанттар көрүүчүлөрдүн добушу жана насаатчынын берген баасына карап тандалды.
Волкодавдын насаатчысы Пелагея жыйынтык чыгаруунун алдында командасындагы ар бир катышуучу тууралуу пикирин билдирди.
"Саша, сен ушундай интеллигенттүү, өзүнө-өзү сын коё алган, кең пейил жакшы адамсың. Негизи эле универсалдуу артистсиң, бүгүн сен керемет үнүң менен кыздарга комплименттерди жаадырдың. Өзүңө коюлган тапшырманы эң сонун аткардың", — деди Пелагея.
Жыйынтыгында командадагы Юлия Кошкина 84,3 пайыз, Александр Волкодав 74,4 пайыз, Виктор Кириллов 41,3 пайыздык добуш алды.
Тема боюнча:
Эки кыргызстандыктын бири "Голос" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео
Кыргызстандык Аскат Осмонов Азиянын келишимдүү жигити сынагына катышууда. Видео