Гипер үндүү куралдар жаатындагы жарыш. АКШ Россиядан кыйла артта

Кошмо Штаттар лидерликтен тайып барат, айрыкча бул жогорку технологиялык куралдарды иштеп чыгууда ачык байкалууда.
Sputnik
Гипер үндүү программалардын майнапсыздыгы Пентагонду тынчсыздандырууда. Big Stick diplomacy жана стратегиясынын доору өттү. Вашингтон эми Москва менен Пекинди кууп жетүүгө аргасыз. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган державанын куралдануу жаатындагы пландарына жана казынасынан келерки жылга бул багытта канча каралганына кызыгып, ошондой эле америкалык, россиялык жана кытай куралдарын салыштырып көргөн.
АКШнын аскердик бюджети 778 млрд. долларга чыкты. Пентагон Аскер-деңиз күчтөрү үчүн гипер үндүү ракета жасоого келишимди 3 млрд. долларга чейин көбөйттү. Америкалыктар сегиз түрдүү программа боюнча "гипер үндүүлөргө" ээ болууну көздөп туру. 2022-каржылык жылга дагы 3,8 млрд. доллар сарптоого белсенүүдө. Бул чыгымдар Европа коргоо демилгесинин жалпы көлөмүнө (4 млрд. доллар) тең келет.
Пентагондун эсебинде деңизге ылайыкталган, 2700 чакырым аралыкты багындыра ала турган гипер үндүү ракета 2024-жылдын жазында даяр болуп калат. "Дүйнөнүн каалаган булуң-бурчунан бир гана сааттын ичинде тандалма жана кооптуу буталарына" сокку ура алат. Анткен менен америкалыктар баштапкы күүлөнүү маселесин чечише электиги белгилүү, ал эми гипер үндүү ылдамдыкта учкуч менен учуу – технологиялык жактан алда канча орчундуу көйгөй.
АКШда абага ылайыкталган AGM-183A (ARRW) гипер үндүү ракетасын күздө бүтүрүү пландалган. Бирок 2021-жылы апрель жана июль айларындагы сыноолордон өтпөй калды. Кандай көлөмдө акча бөлүнбөсүн, AGM-183Aнын сынамык прототиптеринин ылдамдыгын тездете алган жок.
Пентагондун кургактагы күчтөрү 3000 чакырымга чейинки аралыкка эсептелген LRHW (Long Range Hypersonic Weapon) мобилдик гипер үндүү тутумуна 2023-жылы ээ болот, азырынча ылдамдык боюнча көп тепкичтүү сыноолору ынандырарлык эмес. АКШ Коргоо министрлигинин Перспективдүү изилдөө программалар башкармалыгы сентябрда HAWC (Hypersonic Air-breathing Weapon Concept) ракетасынын прототиби сыноодон ийгиликтүү өткөнү боюнча учкай гана маалымдаган. Бирок аппарат качан жана кайда гипер үндүү чектен аша алганын, ылдамдыгы 5 Махка жеткен-жетпегени белгисиз. Адистер анын жыйынтыгын баалоодо шек санабай коюшкан жок.
"Жихад" уланууда: талибдер өзбектерди, ИМ* Өзбекстанды мээлеп турган чагы

Ысыкка туруштук бере албайт

Америкалык гипер үндүү долбоорлорду ишке ашыруу бир кыйла технологиялык жана инженер-техникалык, анын ичинде материалдары жана жылуулукка да байланышкан көйгөйлөр менен коштолууда. Гипер үндүү ылдамдыкка жеткирген соң атмосферадагы – жогорку температурадагы плазма булутундагы маневрдүү учушу башталат, дал ошондо бул антенна жана датчиктери тургай, корпусту күйгүзүп кетиши ыктымал. Ошону менен бирге эле борттук электроника курсту жогорулатып жана бурулууну туруктуу камсыз кылышы шарт. Мында материал тандоо, кыймылдаткычты жасоо, электроника, аэродинамика боюнча өнүктүрүүнү талап кылчу дагы далай иш жатат. Мисалга, Х-43А гипер үндүү ракетасын Аляскада сыноодо саатына 6500 чакырымдын тегерегиндеги ылдамдыкта учкан аппарат жети секунддан соң атмосферада күйүп кеткен. Россиялык "Циркондор" буга чыдамдуу. Чыгымы алда канча аз россиялык гипер үндүү ракеталар 2016-жылдан бери ийгиликтүү колдонулуп келе жатканы бул үчүн эбегейсиз сумманы жумшаган Пентагонду кейитет.
"Циркондордун" сериялык өндүрүшү да башталган. Россиялык гипер үндүү "Авангард" аппараты 28 махка чейин, ал эми "Кинжалдар" жана "Циркондор" 10 махка (орточо аралыктагы DF-17 кытай ракетасы сымал) чейин күүлөнө алышат. РФтин Аба-космостук күчтөрү 2022-жылы гипер үндүү куралдардын келечеги кең үлгүлөрүн аскердик күзөткө чыгарат. Россиянын технологиялык арышы АКШдан кыйла кеңейип барат. Бирок аны моюнга алгысы келбеген державанын бул жаатындагы кыялдары арбын. Алабама штатындагы Кортленд шаарында гипер үндүү ракеталарды куроочу Lockheed Martin заводу ачылган. Анткен менен азыркыга чейин алардын бири да сынала элек. Ишкана 2022-жылдын аягына чейин Кошмо штаттардын Аскер-аба күчтөрү үчүн AGM-183A ARRW гипер үндүү ракеталарынан 12 бирдик даярдап бермек. Lockheed Martin буюмдарынын жарнамалык компьютердик сүрөттөрү "металл нускасынан" алда канча артык көрүнөт экен.
Ал ортодо россиялык абадан коргонуу күчтөрү болжолдуу душмандын гипер үндүү ракеталарынын соккусунан коргонууга машыгууда. Мындай мүнөздөгү аскерий окуулар октябрь айында бир нече аймакта өттү. РФтин Астрахань облусундагы Ашулук полигонунда шарттуу үндөн ылдам буталарын атып көрүштү. Бул үчүн Россиянын С-300, С-350, С-400, С-500 абадан коргонуу зениттик ракеталык тутумдары бар эмеспи.
"Донбасс" эмнеге Кара деңизге чыккан жок? Чагымчылдык тыйылбайбы

Лидерлердин жарышы

АКШ менен НАТО россиялык "Авангард", "Циркон" жана "Кинжал" гипер үндүүлөрүн көрүп эсин жыя электе горизонтто дагы бир – кытайлык гипер үндүү курал пайда болду.
Пекин жарнамалык роликтерин жарыялаган жок, бирок америкалык маалымат каражаттарынын баамында "физиканын чектөөлөрүнөн ашкан". Жакындагы эле Түштүк-Кытай деңизинин үстүндөгү атмосферадагы сыноодо өзөктүк ок ташууга жөндөмдүү "Чанчжэн" учуучу аппаратынан гипер үндүү ракета коё берилди. Ал Жерди айланып, бутасынан болор-болбос гана тайды. Бул – 40 миң чакырымга чукул (экватор боюнча планетанын айланасы) аралыктагы сынамык учуш үчүн эң сонун көрсөткүч. Америкалык чалгындоо кызматынан: "Муну кандай кылып жасашканын түк билбейбиз" дешти.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Штаб жетекчилеринин биргелешкен комитетинин башчысы Марк Милли кытай ракеталары америкалык ракетага каршы тутумун да жеңүүгө жөндөмдүү экенин моюнга алды. Пентагон мындай технологиялардан кантип коргонуунун айласын таппай, Пекиндин аскердик мүмкүнчүлүктөрүнөн катуу чочулоодо. Өз кезегинде АКШдагы Кытай эл республикасынын элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй Пекиндин аскерий саясаты "коргонуу мүнөзүндө" экенин айтты. Андан мурун Россияны дүйнөлүк гипер үндүүлөр жарышында алдыңкы сапка чыгарган "Авангард" блогу менен да куралданганы маалым.
Британиялык The Telegraph басылмасы 2018-жылдын 26-декабрында Уралдан коё берилип, космостук мейкиндикке чыкпастан – стратосферада сокку урууга огун чыгарган ракета-ташуучунун тактикасын сүрөттөгөн. Эске салсак, ал Сибирдин үстүнөн 7000 чакырымга чукул ийри-буйру траектория боюнча учууну көздөп, Камчаткадагы бутасын таамай жок кылган.
Ошол эле учурда Россия жана Кытай планетадагы коңшулары менен тирешүүгө таптакыр кызыкдар эместигин баса белгилөө абзел. Алар тек гана өз территорияларын жана союздаштарынын жамааттык Батыштын улам чектен чыгып бараткан жана акылга сыйбаган агрессиясынан коргоо үчүн гипер үндүү ракеталарды жасоого аргасыз. Москва менен Пекин жогорку технологиялык аскердик кудуретин жаман ниетте колдонгон жери жок, эч кимге кооптуулук туудурбайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?