Алаңгазарлыкка алдырып... Согушту көксөгөндөр барбы?

Украинага байланыштуу азыркы окуяларда ашкере амалкөйлүк байкалат. Дегенибиз, Донбасс көйгөйү, Минск макулдашууларынын аткарылбаганы, Украинанын эмне болсо да НАТОго мүчө болууга умтулушу...
Sputnik
Баары мында Украинанын дегеле тиешеси жоктугун жакшы түшүнүшөт. Россия менен Америка Чоң оюнунда ары-бери жылдырылган шашкидей гана милдетте. Грузия да АКШ менен Россиянын алакасында 2008-жылы ушундай ролду аткарган. Батыштагы акыркы убактагы чакырыктардан улам абалга баам салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Бул — аталган эки державанын лидерлеринин сүйлөшүүлөрү, Россия тараптын соңку эскертүүлөрү, анын аскердик жана дипломатиялык активдүүлүгү. Мындан улам учурдун башкы соболу: булар тууралуу америкалыктар кандай ойдо? Украина үчүн согушууга чындап белсендиби? Эгер ошондой болсо, канчалык олуттуу түрдө ниеткер?
Украинага күчтөрдү жөнөтүү, Россияга каршы өзөктүк куралды колдонуу жөнүндө ойлонууга убада берген сенатор Рожер Уикердин билдирүүсү коомчулукту дуу кылды. "Кымындай дюйм да артка жол жок!" — деп жазды ал дем алышта Twitter баракчасына.
"Донбасс" эмнеге Кара деңизге чыккан жок? Чагымчылдык тыйылбайбы
Бирок бул эл өкүлү жалгыз эмес. Сенатор Жони Эрнст "Коргоо жаңылыктарында" (Defencenews) ойдон чыгарылган россиялык агрессия менен күрөшүү боюнча бүтүндөй планын жарыялады. Сенатор айым НАТО бөлүктөрү ротациялык негизде дайым Украинада жайгашып, окууларды жана инструктаж өткөрүп турууну талап кылууда. Баса, Эрнст да, Уикер да — республикачылардан. Бирок Сенаттын демократиялык канатында жагдай андан да көңүл чөгөртөт. Президент Байден Чыгыш Европада НАТО армиясын чыңдоо үчүн америкалык күчтөрдү жөнөтүүнү убада кылган. Виктория Нуланд башында турган америкалык лидерди курчаган демократтар республикачылардан ашып түшүп согушууга ашыгууда.
FoxNews телеканылынын алып баруучусу Такер Карлсон: "…Трамп өзү башкарган төрт жыл ичинде мындай кемчонтойлорду тизгиндеп турганы үчүн алкоого арзыйт. Трамптын тушунда маңызсыз согуштар болгон эмес", —  деди. Чындап эле Трамп Украина тууралуу таптакыр унута түшкөн, ал эми Кытай өңдүү маанилүү оюнчулар менен соода согушун гана жүргүзүүнү ылайык санаган. Кесипкөй курулушчу эл аралык маселелерди дасыккан саясатчыларга караганда кыйла дурус түшүнгөнбү? Украинанын азыркы жагдайы Кариб каатчылыгынын башталышына окшоп жатканы көп ирет айтылды.
Кезегинде, 1960-жылдары америкалык жана советтик лидерлердин кезигүүсү Кошмо Штаттардын Фидель Кастрону тактан кулатууга жасаган майнапсыз операциясынан кийин Венада болсо, Путин менен Байден аталган ири державанын армиясынын Афганистандан качканынан туура үч айдан кийин телефон аркылуу сүйлөштү. Венадагы жолугушуудан кийин Берлинде дубал тургузулуп, Батыш Берлин темасы отуз жылга тоңдурулса, декабрдагы Путин менен Байдендин сүйлөшүүсүнөн кийин азырынча маанилүү деле өзгөрүү байкала элек.
Украина тууралуу карапайым америкалыктар кандай ойдо? 2014-жылы Washington Post газетасы: "Америкалыктар Украина үчүн согушууну каалайбы?" деген сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялаган. Ошол убакта суроого жооп бергендердин 13 пайызы гана согушту каалаганы маалымдалган. Ага катар эле Украинаны дүйнө картасынан 16 гана пайызы көрсөтө алган. Кошмо Штаттардын ичиндеги реалдуулук менен дүйнөдөгү кырдаалдын эч кандай байланышы жок. Ал жакта башка география, бөлөк саясат, башка экономика, айтор, баары башкача.
"Кызыл чийин" жана Украина: Путин менен Байдендин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы
Ал эми Европада эмне болууда? Ызгаардуу кыш, жокчулук жана ачарчылыкка европалыктарды даярдоо жана көндүрүү маселеси жаралууда. Бул Америкага деле алыс эмес. Турмуш канчалык начар болсо, ошончолук алар согушууга ниеттенишет окшобойбу. Жыйырма жыл мурун – жашоо жакшы кезинде НАТОго кирүүнү эч кимиси каалаган эмес. Бүгүнкү Украинада бул демилгени калкынын жарымынан чукулу колдоодо.
Америкада да ушундай эле көрүнүш: 2021-жылы америкалыктардын жарымы Россия менен согушууга жоокерлерди жөнөтүүнү колдойт. Ачыгы, бул сурамжылоо быйыл июлда жүргүзүлгөн. Афганистандан кийин өткөрүлсө, анда анын жыйынтыгы бөлөкчө болмоктур. Болуп көрбөгөндөй инфляция долларга доо кетирип, өлкөнүн турмушун кыйратчу кооптуулугу бар. Жан сактап калууга Россия жана Кытай өңдүү бардар мамлекеттерди талап-тоноо жалгыз бир чара катары көрүнүп жаткандай.
Американын каймактары дүйнөлүк үстөмдүк кылуу капканына өздөрү түштү. Афганистандагы чоң катачылыгынан соң алардын дагы бир чабалдыгын эч ким кечирбейт. Совет убагында америкалыктар домина принцибине терең ишенип, кайсы бир өлкө коммунизм "илдетине" чалдыкса, анын коңшулары да Советтер Союзунун таасирине кире баштайт деп чочулаган. Бүгүн да Америка ошондой эле принцип менен өз таасирин жоготуудан чочулоодо.
Вашингтон боорукер тайвандыктар каткан жеринен кытай, ал эми кең пейил украиналыктар россиялык желектерди алып чыгып жатышканын көрбөй кое албайт. Вашингтондун көкүтүүсү менен жөн жерден согушту самагандар аз. Чектешкен аймактардын калкы кылымдардан бери армияны автомат менен эмес, гүл менен тосуп чыгууга үйрөнүп калган. Менимче, көпчүлүк эбак гүлдестелерин камдап жатса керек...