Япон бийлиги Пекин Олимпиадасына дипломатиялык бойкот жарыялоо тууралуу расмий айта элек болсо да ачылыш салтанатка жогорку даражалуу кызмат адамдары менен аткаминерлер келбей турганы белгилүү болуп калды.
Бул вашингтондуктардын "Пекинге бойкот жарыялайбыз" партитурасынын жаңы аккорду. Кыңылдап келе жаткандарына көп эле болду, өздөрүнө майдай жакканы менен үзүрүн көрүп жыргап кеткени деле байкала элек.
Бойкот темасынын, дегеле олимпиадалык спортту саясий курал катары пайдалануунун өзөгү кайда жатканына кызыгып көрөлү.
Мындан 40 жылдан ашуун убакыт мурда Москвада өткөн Олимпиада-80ге демократ президент Жимм Картердин администрациясы бойкот жарыялаган. Минтип АКШ өзүнүн түштүктөгү чек арасын коргоо үчүн Афганистанга чектелүү аскердик контингентин киргизген СССРди "жазалаган" эле.
АКШнын Афганистандан качып чыкканынын фонунда бул бойкот балынын оюнчугундай эле көрүнүш. Бирок ошол 80-жыл Американын артынан ээрчиген бир катар өлкөлөрдүн спортчулары үчүн кыйын учур болду. Атлетти табына келтирген олимпиадалык циклдин оор жумушу калемдин учу менен жокко чыгып кеткен эле.
Ал эми акыры Москвага келген спортчулар кандай азапка кабылганын, кандай басымга туш болгонун лорд Коудан сураш керек.
Москва Олимпиадасына бир жыл калганда мыкты деп табылган атактуу жөө күлүктү Россияга жибербөө үчүн эмне гана кылышкан эмес. Себастьян Коу өзү эле эмес, Маргарет Тэтчердин канцеляриясы менен конфиденттери тарабынан кысымга спортчунун атасы да кабылган. Орто аралыкка чуркаган 24 жаштагы жөө күлүк Даунинг-стриттин баарын кошуп "барчу жерин" көрсөтүп койгон эле.
Олимпиада-80ге бойкот жарыялап Ак үй Кремль өзүнө жараша жооп берерин жакшы түшүнгөн. Ошентип Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эптеп калыбына келген олимпиадалык цикл үзгүлтүккө учурап калган.
Калемден оорураак нерсе кармап көрбөгөн акмак саясатчылардын жоругун унутууга көп жыл талап кылынды. Россияга карата мамиленин жумшарып, Эл аралык олимпиада комитетинин кезектеги оюндарды Сочиде өткөрүүнү чечимин деле кучак жая тосуп алышкан жок.
Вашингтон саясатта же экономикада кимдир бирөө менен мамилеси келишпей калса, спорттук санкцияларды күтө бер деген ишеним да пайда болуп калды.
Бул чөйрө керек болсо экономикага караганда да өтө аялуу болуп чыкты. Анткени мында сокку товар жүгүртүүгө, кирешеге, рынокко, кредитке эмес, адам тагдырына жасалып жатат.
Жанын таштап машыгып, ач-тогуна карабай жүргөнү суу кечпей калганы ичти күйгүзөт. Өзүнүн ыплас оюн ишке ашыруу үчүн олимпиадалык спортту кысымга алгандар турганда машыккан-машыкпаганыңдын эмне кереги бар?..
Ооба, Вашингтон ушу тапта Пекин десе итиркейи келип турат, бирок саясий жактан алсыз болуп, Афганистанда шермендеси чыккандан кийин, тарифи менен пошлинасына карабай Кытай менен соодасындагы ири көлөмдөгү дефицитке кабылып турган АКШ илинчек тапса эле бут тосуп турган чагы.
Күчтүүрөөк болгону үчүн Кытай АКШга эч буйдалбастан "эч ким кыйнабайт, келгиңер келбесе келбей эле койгула" таризде жооп берип койду.
Бойкотко (дипломатиялыгына) дароо эле Британия кошулду. Англия Евробиримдиктен чыгып, башка союздаштары менен мамилеси солгун тартып турганда Американын артына жашынуудан башка аргасы жок.
ЭОК ал арада өз оюнун жүргүзүп жатат, ал оюндун уюштуруучусу эле эмес, саясатта өзүнүн күн тартибин негиздөөгө кызыкдар.
Эгер Вашингтон бойкотту "сылык-сыпаа" Пекиндин адам укуктарын бузганы үчүн жарыялап жатканын айтса, ЭОК кыз-келиндер спортун жок кылууда. Мында дагы адам укугу корголуп жатыптыр, башкача айтканда, эл аралык комитет алгач эркек болуп төрөлүп, кийин аялга айланган трансгендерлердин укугун сактоодо. Албетте, гормондордун, өзгөчө тестостерондун эркекке тиешелүү деңгээли менен.
Тестостерон канчалык көп болсо, булчуңдуу болот, демек, кан кычкылтек менен жакшыраак камсыздалат. Айтор, олимпиадалык деңгээлде таймаша турган трансгендерлердин жеңүүчү болууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экени айдан ачык.
Вашингтон менен санаалаштары жарыялаган бойкот жана таймаштын эрежесинин өзгөрүшү акылга сыйбайт, жалпылап айтканда, Олимпиада оюндарынын духун жоготууда.
Тазалыктын символуна айланып Пелопеннесте от жангандан бери Олимпиада учурунда чыр-чатактын баары токтоп, унутулуп, жеңиш үчүн күрөштүн тазалыгы гана маанилүү болуп келген.
Бүгүнкү күндө мурдунан алыс көрө албаган саясатчылардын майдачылдыгынан, тайыздыгынан, акылынын тайкылыгынан улам салт бузулуп жатат. Арийне, бул салтты алар түптөгөн эмес, демек, мындай убактылуу саясатчылардан аша жашашы керек эле.
Вашингтондун Олимпиада-80ге жарыялаган бойкоту бир да саясий упай алып келген жок. Бул тарых. Аны кой, Афганистанга советтик армиянын жайгашуусуна каршы турам деп жатып, өз колу жана өз акчасы менен Усама бен Ладенди жаратышты.
Эмне менен бүткөнү баарыбызга маалым.
Бул трагедия жетпей жаткансып Вашингтон ага Афганистандан качып чыкканын кошту.
СССР ал маалда аскерин тынч, башын өйдө көтөргөн боюнча чыгарып кеткен.
Азыр Россия болгон-бүткөн бойкотторго, тыюуларга карабай Олимпиадада рекорд жаратып, жеңишке жете берди.
Жеңишке таза жетип келет.
Миң жыл мурун калыптанган салт менен, салтты бузбай...