Бишкекте тепловоз коюп кеткен кишинин пакистандык студент экени аныкталды

Окуя Чыңгыз Айтматов проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Жарандын берилген сигналга реакция кылбаганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында тепловоз коюп кеткен киши Пакистандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына таянып кабарлады.
Бишкекке жакын жерде кафе өрттөнүп, эки киши көз жумду
Факт Биринчи май райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, 11-декабрь күнү белгисиз адамдын тепловоздун алдында калганы кабарланган. Окуя Чыңгыз Айтматов проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Жарандын берилген сигналга реакция кылбаганы айтылды.