Радио

Мирлан кызы: жаңы Салык кодексинин такталбаган жерлери абдан көп

"УчетПрофЛайн" аудитордук жана бухгалтердик компаниясынын башкы директору Наргиза Мирлан кызы жаңы Салык кодексинде толук иштелип бүтпөгөн, такталбаган жерлери абдан көп экендигин айтты.
Sputnik
Жаңы редакциядагы Салык кодексинде ишкерге акча түшкөндө гана салык төлөнөт. Мындай маалыматты Наргиза Мирлан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Салык кодексинде ишкердин 100 миң сомдук карызы болсо, чет өлкөгө чыга албай тургандыгы камтылган.
"Жаңы редакциядагы Салык кодексинде такталбаган, иштелип бүтпөй калган жерлери абдан көп. Мисалы, буга чейин электрондук эсеп-фактуралары киргизилгенде жеке ишкерлер арасында көп кыйынчылыктар болду. Отчёт берүү, иштетүү боюнча маселелер жаралып, тоскоолдуктар кездешти. Ошол себептен ишти аткарардан мурун аны кылдат карап чыгып, туура маалымат жеткирилсе өздөштүрүүгө жеңил болот. Албетте, ишкерлер үчүн жакшы шарттар да каралган. Алсак, ишкер товар сатса да, сатпаса да кызмат көрсөткөнү үчүн салык төлөп келген. Мында салыктар акча түшкөндө гана төлөнөт. Салык кодексинде ишкердин 100 миң сомдук карызы болсо, чет өлкөгө чыга албай тургандыгы жазылган. Буга көп сын-пикирлер айтылып, адам укуктары бузулуп жатат деп белгилеп жатышат. Менин жеке пикиримде, көп өлкөлөрдө бул практика колдонулгандыгы үчүн туура чечим. Бирок себебине байланыштуу чыгуу уруксаты берилсе жакшы болмок", — деди Мирлан кызы.
Ошондой эле адис 8 миллион сомго чейинки ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу бизнес чөйрөсүнө оң таасир берерин кошумчалады.