Кыргызстандын залкар уулу, белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.
Мектепти аяктагандан кийин Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду окуп, андан соң Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда, Москвадагы Жогорку адабият курсунда окуган. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйо" деген ат менен 1952-жылы "Кыргызстан" альманахына орус тилинде жарыяланган.
Жаш калемгер согуш жылдарында Шекер айылында айылдык кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жылдары Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жылдары "Литературный Кыргызстан" журналынын редактору, 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп эмгектенген.
Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" гезитинде жана "Кыргызстан" альманахына жарыяланат. Ошол кезде ал В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунан кийин болгон. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык киргизген. "Бетме-бет", "Жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулган.
Кыргыз эл жазуучусу андан кийин "Кызыл жоолук жалжалым" ("Делбирим", 1961), "Ботогөз булак" (1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963), "Гүлсарат", "Ак кеме", "Эрте жаздагы турналар" (1973), "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" (1977), "Кылым карытар бир күн" (1980), "Кыямат" (1986), "Кассандранын эн тамгасы" (1995) жана башка аңгеме, повесть, романдарын окурмандарга сунуштайт.
СССР жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлуп, кинофильмдер тартылган.
Айтматов 21 жыл Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп иштеп, 1988-1990-жылдары "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР президентинин кеңешчиси, 1991-жылы Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын баатыры чыгармалары дүйнөдө көп басылып чыккан классиктердин бири болуп эсептелет. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, 67,5 миллиондон ашык экземплярда жарык көргөн.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, улуу жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
Атактуу инсан тууралуу кызыктуу 22 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.