Кызганычтан улам сүйгөн кызынын бетине кислота чачкан. Петербургдагы окуя

Шектүү мурда сүйлөшүп жүргөн кызы башка жигит менен жүргөнүн көрүп кызгангандыктан ушундай кадамга барган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында 24 жаштагы киши мурдагы сүйлөшкөн кызынын жана анын жигитинин бетине кислота чачып салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Полиция кызматкерлери шектүүнү кармаган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, ал мурда сүйлөшүп жүргөн кызы башка жигит менен жүргөнүн көрүп кызгангандыктан ушундай кадамга барган.
18 жаштагы кызды Таласка ала качып бараткандар кармалды
Окуя 10-декабрь күнү саат 18:30дар чамасында Грибоедов каналынын жээгинде болгон. Полиция жерине барганда 16 жаштагы кыз жана анын 18 жаштагы жигити ар кандай химиялык күйүк алганы аныкталган. Мындан улам кыз оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми жигиттин абалы канааттандырарлык.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Москва проспектисиндеги №4 үйдөн 24 жаштагы жаран кармалып, полиция бөлүмүнө алып келинген.