Мелис — бунтарь, Мелис — авантюрист, Мелис — демократ... Эсибиздеги Эшимканов

Кыргыз журналистикасына болуп көрбөгөндөй жаңылык киргизип, журналисттердин жоон тобун тарбиялап чыгарган Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо бүгүн 59 жашка толмок.
Sputnik
Кыргызстанда Мелис Эшимкановду ээрчигендей сөз эч кимди ээрчибесе керек. Бирөө жан-алы калбай мактап-жактап, чын жүрөгүнөн алкап жатса, ошол эле маалда жеберине жеткире сын айтып, жек көргөндөр болду. Сүйлөсө арбап, сөзү ширин угулуп, урушса сөзү чучукка жетер эле.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле...
Кандай болгон күндө да Мелис Эшимкановдун ысымы адегенде кыргыз журналистикасында, коомдук турмушта, саясатында баш тамгалар менен жазылчу ысым экени талашсыз.
Туулган күнүн утурлай жубайы Асел айым маек куруп, Мелис аганы дагы бир ирет жоктодук.
1 / 19
Мелис Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда жарык дүйнөгө келген
2 / 19
Жашоого эрте аралашып, адамдын оюна келбеген нерселерди жасап, укмуштуудай кадамдарга барып суктантты, таң калтырды. Сүрөттө: жакын досу Талант Конокбаев, санаалашы Кубатбек Жусубалиев, Мелис Эшимканов
3 / 19
30 жашка чыгып-чыкпай тунгуч президент Аскар Акаевдин көзүнө илинип, ажону АКШга чейин коштоп барып келген
4 / 19
Мелис Эшимканов жубайы Айгүл Молдогазиева, тун кызы Жылдыз жана уулу Төлөгөн менен
5 / 19
Футболду жанындай көрүп ойночу. Сүрөттө солдон оңго: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Мелис Эшимканов
6 / 19
Чыгармачылыкка да жакын эле. Өнөрпоздордун көбү менен ынак мамиледе болчу
7 / 19
2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашып, Мелис Эшимканов Бишкектин №6 Асанбай округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген
8 / 19
Жалындап күйүп турган учур... Депутаттар Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Осмонбек Артыкбаев
9 / 19
Мелис — бунтарь, Мелис — авантюрист, Мелис — демократ... Султан Раевдин берген мүнөздөмөсү
10 / 19
Кыргызстанда Курманбек Бакиевдин тушунда митингдер көнүмүш нерсеге айланып кете жаздаган. Мелис Эшимканов үзөңгүлөштөрү менен
11 / 19
Өз учурунун лөктөрү. Солдон оңго: Марат Султанов, Мелис Эшимканов, Тайырбек Сарпашев, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Дооронбай Садырбаев
12 / 19
Сөзү курч болчу
13 / 19
Элдин баарынын көңүлүн тапкан касиетке ээ эле
14 / 19
Мелис Эшимканов тун кызы Жылдыз менен. Жылдыз ушу тапта үй-бүлөсү менен АКШда жашайт
15 / 19
"Агым" гезитинин жамааты шефти туулган күнү менен куттуктап жатат
16 / 19
Мелис Эшимканов жубайы Асел жана уулу Адам менен. 2008-жыл
17 / 19
Кичүү кызы Миэлла апасы Асел Эшимканова менен
18 / 19
"Хозяин" менен Кердегей. Экөөнү бири-биринен аша түшүнгөн киши болбосо керек
19 / 19
Мелис Эшимканов 2011-жылы 11-сентябрда көз жумган... Болгону 49 жыл өмүр сүрдү... Феникс сымал жашады...