БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Британиялык диетолог Холли Зокколан кыш мезгилинде организмге керектүү болгон витаминдер менен микроэлементтерди атады. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы жазды.
"Айрыкча, аба ырайы суук кезде витаминдер менен минералдар жөнүндө унутпаш керек. Себеби алар сырттагы температуранын өзгөрүшүн жеңил кабыл алууга жана ооруп калбоого жардам берет", — деди ал.
Эксперттин айтымында, кыш мезгилинде өзгөчө С, D витаминдери жана цинк абдан керек.
C витамини
Так ушул витамин иммунитеттин вирустарга каршы туруусуна көмөкчү. Бирок биздин клеткалар муну өз алдынча синтездей албайт. Ошондуктан аскорбинканын запасын дайыма толуктап турууга туура келет.
Эгер тиш жууп жаткан кезде бүйлө канап кетсе, С витамининин жетишсиздигинен кабар берет. Бирок тишти канатуучу башка учурларды дагы эске алуу керек (тиш бүйлөсүнүн оорусу, тиш щетканын туура эмес тандалышы). Эгер аталган витаминдин жетишсиздиги жогору болсо, анда чач, тиш түшүп, муундар ооруйт.
Төмөнкү азыктарда С витамини арбын:
D витамини
Мунун дефицити жаралса адам бат чарчап, башы айланып, айрыкча түнкүсүн сөөктөрү, булчуңдары ооруйт. Кээ бир адамдарга дарыгерлер бул витаминди такай колдонууну сунуштайт.
Курамында D витамини бар азыктар:
Цинк организмдин бардык ткандарында бар. Ал клеткалардын бөлүнүшү үчүн маанилүү. Бул микроэлемент антиоксидант катары иштеп, эркин радикалдар менен күрөшүп, картаюу процессин жайлатат. Ошондой эле иммунитетти бекемдеп, вирустар менен күрөшүүгө жардам берет.
Эгер организмде цинк жетишсиз болсо, туздуу тамактарга тартып, чач түшүп, салмак өйдө-төмөн боло баштайт. Гормоналдык жана когнитивдик көйгөйлөр башталат. Ошондой эле жаракат алган жер кеч бүтүп, тери кычыша баштайт.
Цинкке бай азыктар: