"Ыйман нурунан" келчү депутаттар эмне менен алек? Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоочулардын 5,88 пайыз добушун алган "Ыйман нуру" партиясы беш мандатка ээ болмокчу.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган партиядан эл өкүлү болуп келе тургандардын мал-мүлкүн тизмектейт.
Юстиция министрлигинин порталындагы маалыматтарга ылайык, партиянын лидери Нуржигит Кадырбековго "Регионалдык саясат институту", "Дидар" коомдук фонду катталган.
"Альянстан" келчү депутаттардын бизнеси. Көбү коомдук фонд, бирикме жетектейт
Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов азыр "Акниет кыймылы" коомдук бирикмесин жана "Авиапредприятие-Баткен" мамлекеттик ишканасын жетектеп келет.
Замирбек Мамасадыков эч бир фирма, компанияга ээлик кылбайт.
Ашимова Динара Ашимовна "Укуктук колдоо борбору" жоопкерчилиги чектелген коомунун, КРдин улуттук ат эрөөлдөрү боюнча федерациясынын жана "Иш-аракет" саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Ал эми Винера Раимбачаева "Аманат" саясий партиясын негиздегендердин катарында.