Кимге мандат берилет? Бир мандаттуу округдарда добуштар кол менен саналып бүттү

Эң көп добуш Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарына, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин инисине жана атаандаштары жок жалгыз талапкерге берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарында бюллетендердин 100 пайызы кол менен саналып бүткөнүн маалымдады. Анын жыйынтыгы АСУнун берген маалыматынан дээрлик айырмаланган эмес. Алгач алдыда бараткандардын бири да кол санактан кийин экинчи орунга түшүп калган жок.
Жарыштан утуп чыккандардын ичинен алтоо 20 миңден ашык добуш чогулткан. Алар Айбек Осмонов, Искендер Матраимов, Улан Примов, Шаирбек Ташиев, Айбек Алтынбеков, Бактыбек Сыдыков жана Элмурза Сатыбалдиев.
Белгилей кетсек, №12 Өзгөн шайлоо округунда Сатыбалдиев жалгыз талапкер болду. Атаандаштары Аалы Карашев менен Манасмиң Жумакадыр уулу кийинчерээк катышуудан баш тарткан. Ал эми эң аз добушту (4 257) Максатбек Сарыбагышев алган.

Бишкек шаары

Баткен облусу

Ош шаары, Ош облусу

Жалал-Абад облусу

Талас облусу

Чүй облусу

Нарын облусу

Ысык-Көл облусу

Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин расмий түрдө жарыяланат.