"Ата-Журт Кыргызстандан" келчү депутаттардын бизнеси: ломбард, май куюучу жайлар

Автоматтык түрдө эсептөөчү системанын алдын ала маалыматы боюнча, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын энчисине 15 мандат тиет. Sputnik болочок эл өкүлдөрүнүн бизнеси тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялап турмакчы.
Sputnik
Шайлоонун жыйынтыгы менен алдыга озуп чыккан саясий бирикмелердин бири — "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы.
Жекшембиде Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Автоматтык түрдө эсептөөчү тутумдун алдын ала маалыматтарына таянсак, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 15 мандатка ээ болушу мүмкүн. Аталган партиядан парламентке келип калышы ыктымал деген он беш талапкердин бизнесине кызыгып көрдүк.
Маалыматтар Юстиция министрлигинин расмий сайтынан алынды.
Бакыт Төрөбаевдин атына "Өнүгүү" коомдук фонду катталган. ЖК депутаты болгонго дейре анын бир нече, атап айтканда, "Жамиля и К" фирмасы, "Азия-Сузак" чарбасы, ошондой эле ун чыгаруучу ири ишканасы болгон. 
Юстиция министрлигинин расмий порталындагы маалыматтарга караганда, "Ай-Балта" күзөт агенттиги, ошондой эле "Алай Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому Фархат Исмаиловдун наамында. 
Фархат Исмаилов
Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовго эки мекеме: Ош облусун өнүктүрүү фонду жана Алай районунун аймактарын өнүктүрүү фонду таандык. 
Таалайбек Сарыбашов
Айбек Маткеримов жеке ишканага ээ эмес, анын атына "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы гана катталган. 
Айбек Маткеримов
Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, Жеңишбек Токторбаев — "Дастан-Ж" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси. 
Жеңишбек Токторбаев
Эльдар Сулаймановго катталган "Кыргыз-кытай биргелешкен корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коому бар. Ал саламаттык сактоо жаатында иш алып барат. 
Эльдар Сулайманов
Равшанбек Сабировго бир нече уюм катталган. Алардын бири — Абулкасим Фирдовси атындагы кайрымдуулук фонду. Ошондой эле Рудаки атындагы КРдеги тажиктер коомдук биримдиги анын наамында. 
Равшанбек Сабиров
Тийиштүү министрликтин сайтында Жылдыз Садырбаевага катталган компания жок. 
Жылдыз Садырбаева
Алишер Козуев "РОССИЯ Нефть" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Компания күйүүчү май, майлоочу материалдар жана техникалык май сатуу менен алектенет. 
Алишер Козуев
Жаныбек Кыдыкбаев — "Айылым-Маман" коомдук фондунун түптөөчүсү. 
Жаныбек Кыдыкбаев
Мейкинбек Абдалиев, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Ноокен биримдиги" коомдук бирикмесин түптөгөн. 
Мейкинбек Абдалиев
Юстиция министрлигинин порталында Жамиля Исаевага катталган ишкана жана мекеме жок. 
Жамиля Исаева
Надира Нарматовага бир нече ишкана таандык. Алардын бири "Мээримбек" күйүүчү, техникалык май жана майлоочу материалдарды сатууга адистешкен. Ушундай эле аталыштагы дагы бир компания министрликтин сайтында кайрымдуулук уюму катары белгиленген. Булардан тышкары Надира Нарматова ломбардга ээлик кылат. 
Надира Нарматова
Юстиция министрлигинин сайтында Камила Талиеванын наамындагы компания жана уюмдар тууралуу маалымат жок. 
Камила Талиева
Гулшаркан Култаевага бир нече ишкана катталган. Алардын бири кыш, черепица жана күйгүзүлгөн чоподон жасалчу башка курулуш материалдарын чыгарат. Ошондой эле анын наамында туризм тармагына адистешкен MEGA-TOUR агенттиги, МЭГУ ишканасы бар. 
Гулшаркан Култаева