УКМК бийликти күч менен басып алууга шектелген депутат Жетигеновду камакка алды

Буга чейин шектүү катары 15тен ашык жаран кармалганы кабарланган. Алардын арасында депутаттар менен экс-чиновниктер, талапкерлер бар экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Ал 26-январга чейин камакта калтырылат. Депутат буга чейин Жазык кодексинин 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Депутаттыкка талапкер айымдын күйөөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды
Белгилей кетсек, буга чейин атайын кызмат УКМК менен ИИМдин иликтөөсүнүн натыйжасында бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген шек менен 15тен ашык жаран кармалганы кабарланган. Алардын арасында депутаттар менен экс-чиновниктер, талапкерлер бар экени айтылган. Тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, ок-дары жана баңгизаттар табылып, алынды.
26-ноябрда БШКнын мүчөлөрү саясий партиялардын биринин үч талапкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.