БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалымат жыйыны жылдырылды.
БШКнын өкүлү Авланбек Жумабеков жыйын түштөн кийинки убакытка жылдырылганын айтып, ал боюнча дагы кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Алдын ала жарыяланган программа боюнча, Шайлдабекова бүгүн саат 12:00дө шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрмөк.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасына добуш берүү бүткөндөн кийин БШК сайтынын иштебей калышы боюнча саат 11:00дө маалымат жыйын өтөрүн жазган. Жаралган жагдай тууралуу Шайлдабекова түшүндүрмө бермек.
Белгилей кетсек, кечээ шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Баса, ким депутат болуп келгенин билдиңизби? Бардык маалымат Sputnik агенттигинин инфографикасында.