Көбү жаштар. Төрт күн ичинде Тарых музейине 20 миңдей киши келди

Ишембиден бери музейдин эшигинин алдынан элдин узун кезегин байкоого болот. Ал жакка акысыз кирүү акциясы 30-ноябрга чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Тарых музейинин директору Гүлбара Абдыкалыкова маданий жайды көрүүгө күнүнө 5 000ге чукул адам кирип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
1 / 2
Тарых музейинин директору Гүлбара Абдыкалыкова маданий жайды көрүүгө күнүнө 5 000ге чукул адам кирип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
2 / 2
Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы 19-ноябрда болуп, 20-ноябрдан тарта көрөрмандар үчүн эшигин ачкан. 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алары айтылган.
Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы 19-ноябрда болуп, 20-ноябрдан тарта көрөрмандар үчүн эшигин ачкан. 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алары айтылган.
Ишембиден бери маданий жайдын эшигинин алдынан күндө элдин узун кезегин байкоого болот.
"Күнүнө музейге 5 000дей адам кирип жатат. 22-ноябрды кошпогондо (санитардык тазалоо күнү) төрт күн ичинде бизге 20 миңдей адам келди. Алардын арасында студенттер, окуучулар бар. Көбү жаштар", — деди Абдыкалыкова.
Ал акысыз кирүү акциясы 30-ноябрга чейин уланарын эскертип, андан кийинки музейге кирүү акысынын болжолдуу баасын айтты.
Тарых музейинде Апрель окуясы чагылдырылбай калганбы? Жетекчиликтин жообу
"Азырынча музейге кирүүнүн акысы бекитиле элек. Бирок болжол менен айтсам, чоң кишиден 150 сом, студенттерден 100 алынса, окуучулар 70 сомдон төлөйт. Бул сумма болжол менен айтылды, өзгөрүшү ыктымал", — деди музей жетекчиси.
Белгилей кетсек, реконструкцияланган музей беш жылдан бери ачыла элек болчу. Бийликтегилер муну сот иштери жана чет өлкөлүк компанияга болгон карыз менен түшүндүрүп келишкен.
Улуттук тарых музейинин ичин Sputnik Кыргызстан агенттиги тарткан видеодон көрө аласыздар.