Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты

Жаңычылдык аркылуу ар бир жаран идентификациядан өткөн мал-жандык, ветеринардык коштоочу документтердин аныктыгы тууралуу так маалыматтарды ала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мал кармагандар үчүн "мал чек", "док чек" жана "сиздин ветеринардык дарыгер" сыяктуу атайын кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты. Бул туурасында өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Долбоор "Санариптик Кыргызстан —  2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында иштелген. Ал Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы тутумунун башкы бетине чыгарылды.
Мындан сырткары, "жаныбарды каттоо", "жаныбарды каттоодон чыгаруу", "жаныбарды чек арадан чыгарууда жана киргизүүдө каттоо" кызматтары аркылуу ар бир жаран өзүнүн регионунда (жашаган жерде) кызмат көрсөткөн ветеринар адиске билдирүү жибере алат.