БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 10 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"2021-жылдын январь-сентябрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 490 миң адамга 27,4 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу алгандардын саны 10 пайызга кыскарып, бирок берилген каражаттын көлөмү 17 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,4 пайызы) шаарынын тургундарына берилди. Андан кийинки орундарда Бишкек шаары (17,8 пайыз), Чүй (14,2 пайыз) жана Жалал-Абад (14 пайыз) облустары турат.
Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 36 пайыз менен керектөөчүлүк насыясы чыккан. Экинчи орунга мурда лидер болуп келген айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынган кредиттер илинди (30 пайыз). Үчүнчү орунда 10 пайыз менен соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү турат.