Кыргызстандын коргоо министрин сотко бергени жатышат

Коргоо министрлигинин ЖККУдагы өкүлү Бердибек Асановду ведомство кызматтан чакыртып алган. Ошондой эле министр ага Асанов пара сунуштаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мурдагы өкүлү Бердибек Асанов коргоо министри Бактыбек Бекболотовду сотко берүүгө ниеттенүүдө.
Буга чейин Бекболотов Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы (ЖККУ) өкүл Бердибек Асановду дайындоодо катачылык кеткендиги үчүн кайра чакыртып алганын айткан. Ошондой эле ал министр болуп келери менен Асанов пара сунуштаганын билдирген.
Асанов бул боюнча Sputnik агенттигине комментарий берип жатып өзүнүн ар намысын коргоо үчүн жакынкы күндөрү сотко кайрыларын айтты. Асанов өзүнүн кызматтан чакыртылып алышын мыйзамсыз деп эсептерин билдирди.
"Коопсуздук кеңеши Коргоо министрлигине жашыруун негизде кат жолдогону чын, бирок ал жаз мезгилинде, мен кызматка дайындала электе болгон. Министрлик кеңешип туруп мени Москва шаарына жөнөткөн", — деди Асанов.
Жапаров: коррупциялык иштерди Башкы прокуратуранын атайын башкармалыгы тергейт
Ал кезде коргоо министри болуп Таалайбек Өмүралиев иштеп жаткан, ал эми Бекболотов сентябрь айында ведомство башчысы болуп дайындалган.
Коргоо министрлиги Асанов 2009-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылганын айткан. Ал эми Асанов жоопко тартылганын, бирок соттолбогонун айтууда. Бирок ал эмне себептен жоопко тартылганын билдирген жок.