Статком: пандемиядан кийин жакырлар көбөйдү

2016-2019-жылдары кедей жашаган үй-бүлөлөр кирешесинин 60 пайызын тамак-ашка жумшаса, пандемиядан кийин кирешесинин баары азык-түлүктөн ашпай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. COVID-19 пандемиясы калктын кедей катмарынын, өзгөчө шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттеринин Улуттук статистика комитети менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн баяндамасы күбөлөндүрөт.
Анда калктын пандемияга чейинки жана кийинки социалдык абалына анализ жүргүзүлгөн.
"Салыштыруулар калктын кирешесинин төмөндөшү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын көрсөтөт. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышкан. Пандемиянын кесепетинен келип чыккан экономикалык кризис жумушсуздардын санын көбөйттү. Мындай абал калктын кедей жана аярлуу катмары калыңдай берүү коркунучун жаратты", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты
2016-2019-жылдары кедей жашаган үй-бүлөлөр кирешесинин 60 пайызын тамак-ашка жумшап, башка чыгымдарга сарптоого көп мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мындай шартта жакырчылыктан чыгуу кыйынга турары белгиленет. Ал эми пандемиядан кийин алар тапкан кирешесинин баарын тамак-ашка жумшап калган.
Ошол эле учурда жакырчылыктын деңгээли 25,3 пайызга жетип, 8 пайызы алардын катарына кошулуу коркунучунда турат.