Бишкекте дагы бир көчөнүн бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат

Реконструкциянын алкагында жолдун эки тарабына бир жарым метрлик тротуар жана Кичи Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын түндүк тарабындагы Архитекторлор көчөсүнүн бир тилкеси оңдоо-түзөө үчүн жабыларын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
12-16-ноябрь күндөрү жолдун Профессор Зима (Ак-Босого конушу) менен кесилишкен жери убактылуу тосулат. Муниципалитет айдоочуларды Кыргыз жана Чүй-14 көчөсү менен жүрүүнү сунуштады.
Архитекторлор көчөсүнүн эки чакырым жерин реконструкциялоо "Бишкек шаарынын көчөлөрүн-жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун II фазасында жасалып жатканы айтылды. Муну менен катар эле эки тараптан бир жарым метрлик тротуар жана Кичи Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынмакчы.