Бизнеске миллиондогон каражат бөлүнөт. РФ компанияларынын сапары видеодо

Борбор калаага россиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу бизнес-миссиясы үч күндүк сапары менен келди. Иш-чаранын алгачкы күнүндө кыргызстандыктар үчүн бир катар маанилүү нерселер айтылды.
Sputnik
Иш-чарага Россиядан 60тан ашык компаниянын өкүлү келген, кыргыз тараптан 200дөн ашуун компания өкүлдөрү катышууда.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун пикиринде ЕАЭБ алкагында түзүлгөн механизмдер эң катаал жылдарда Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу байланышын сактап калууга көмөгүн көрсөттү. Ошондой эле Россия салык системасын модернизациялоого, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө системасын киргизүүгө көмөктөшүүдө. Бул программалар үчүн Россия миллиарддаган каражат которгон.
Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков Кыргызстанга жакынкы жылдары 400 миллион доллар тартыла турганын айтты. "Росэксимбанк" фонд менен биргелешип каржылоо үчүн 200 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты бөлөт. Ошондой эле россиялык "Нацпромлизинг" менен "Нацпромлизинг-Кыргызстан" лизинг компаниясын түзүү макулдашылган. Анын түзүлүшү менен Кыргызстандын экономикасына жакынкы жылдары 200 миллион доллар тартылат.
Новиков РКӨФ учурда экология тармагында эки долбоорду даярдап жатканын белгиледи. Биринчисинде Бишкектин тегерегиндеги конуштардагы турак үйлөргө геотермалдык жылытуу долбоорун киргизүү пландалууда. Экинчисинде бензиндин кымбаттап жатканына байланыштуу газды автоунааларда күйүүчү каражат катары колдонууга шарт түзүү каралууда.