Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу талант, Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргол Досуевдин өмүр таржымалы тууралуу тарыхый ирмемдердин сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Акын 1882-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн азыркы Чолпон-Ата айылынын жогору жагындагы Ак-Булак деген жердин Айыкты жайыгындагы, Назардын кыштоосунда туулган. Өзү тогуз бир тууган болот. Эң улуусу Суранбай деген уул. Анан жети кыз катар төрөлүп, энеси "уулум жалгыз болбосун" деп кудайдан тилеп жатып Корголду элүүгө чамалаганда көргөн экен. Кеч төрөгөнүнө уялган апасы кой короого барып көз жарат. Ошентип ымыркайдын денесине корголдор жабышып калгандыктан Коргол атыгып калган дешет. Акындын азан чакырып койгон аты Суранчы. Бирок кыргызга эмнегедир Коргол деген ат менен таанылып кеткен.
Апасы эрте эле каза болуп, Коргол атасы менен эң улуу агасы Суранбайдын колунда калат. Кичинесинен оор турмушта жашаган Корголдун бала кезинен эле өнөргө жакын экени байкалган. Ал күү черткенди алгач атасынан, кийин 13-14 жашында аксылык Ниязалы Борош уулунан үйрөнгөн.
"Токомдун жүрүп артынан, торгой болдум таңшыган" деген Коргол Досуевдин устаты Токтогул Сатылганов болуп, аны менен 17 жыл бирге жүргөндүгү маалым. Токтогул акын сүргүндөн келгенде аялы кетип, энесинин көзү көрбөй калып, жалгыз баласы Топчубай каза тапкан эле. Мына ушулардын ичинен уулунун өлгөнүн аксакалдар угуза албай кыйналат. Ошол кезде угузуу вазийпасы 20 жаштагы Корголго жүктөлүп, ал "балаң өлдү" деп балп этип салбай ырдын, комуздун күчү, сыйкыры менен каймана угузган. Ошондон кийин эки залкардын ата-баладай мамилеси башталганы маалым.
Коргол Досуевдин небереси Турсункан Досуева буга чейин Sputnik агенттигине маек куруп, акын чындыгында жарды турмушта жашап өткөнүн айтып берген. Айтылуу Акбакайга жетпей калганынын себеби да ушул көкөй кескен кедейлик болгон экен. Эл арасында бул кишинин өз аты Өмүрбек кызы Токтобүбү деп айтылат.
"Илгери Кетмен-Төбөдө Калыбай деген бай жашаптыр. Ал үч-төрт аялынан тең бала көрбөйт. Бир күнү Кетмен-Төбөгө келип Токтобүбүнү көрүп, "ушул кызды алып бала көрсөм көрүп калармын" деген ниетте алып кетет. Ошону менен Калыбай сатыкей уруусунан болуп Акбакай Коргол акынга жеңе болуп калган жайы бар. Ушундан кийин айтылуу "Акбакай" күүсү жаралып, ага Токтогул Сатылганов жогору баасын берген", — деп айтып берген акындын небереси.
Кийин Совет өкмөтү орноп, жер-жерлерден өнөрпоздорду Фрунзеге алып келип, аларды филармония, театр сыяктуу жайларга жайгаштырып жумуш берип жатканда Корголго да бир нече жолу кайрылышат. Ал да борборго барып көрөт. Ошондо эркин ырдап, эркиндикке көнүп калган акынга ар кыл саясатташкан репертуар таңуулай беришкен көрүнөт, акыры жадап айылына кетип калган.
Акындын Бүбүкан деген байбичесинен эки уул, бир кызы болгон. Бирок Бүбүкан апа эрте эле көзү өтүп кетип, 1945-жылы Бүбүайша апага үйлөнөт.
Коргол Досуев 1962-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө каза болгон. 1994-жылы Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Коргол Досу уулунун музейи ачылган. Ал эми акындын эл оозунда калган термелери, ыр саптарынан үзүндүлөр чогултулуп отуруп, китептери көзү өткөндөн кийин гана жарык көргөн.