Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, республиканы 24 жыл жетектеген Турдакун Усубалиевдин туулган күнү.
Sputnik
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз элинин чыгаан уулунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп, Кочкордогу орто мектепте, партиянын Кочкор райкомунда, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин аппаратында иштеген. Согуш жылдары аны мамлекет фронтко жөнөтпөй койгондуктан Компартиянын Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон. Андан соң он жыл бою Москвада жооптуу кызматтарды аркалаган.
1955-1957-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп, азыркыча айтканда, калаа башчысы болгон.
Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
1961-жылы Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин 1985-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп, Кыргыз ССРинин башында турган. Эң кызыгы, бул убакыт аралыгында Москвада СССРдин башчылары — Хрущев, Брежнев, Черненко, Андропов жана Горбачев алмашкан.
Ал жылдары республика аймагында бир топ ишкана, ГЭС, аэропорт, маданият, билим берүү жайлары курулуп, өлкө алдыга өскөн.
Ал эми борбор калаада филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөрү Усубалиевдин маалында салынган. Аны шаардыктар "биздин прораб" деп атап коюшчу.
Мамлекеттик ишмер 1985-жылы пенсияга чыгып, өлкө көз карандысыз болгондон кийин Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланып, 1999-жылы "Ак шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылып КРдин Баатыры болгон.
2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.
1 / 14
Турдакун Усубалиев республиканы 24 жыл жетектеген
2 / 14
Турдакун Усубалиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Армениянын Кинематографисттер союзунун биринчи катчысы Калонтарь. Фрунзе, 1976-жыл
3 / 14
Кыргыз ССРинин биринчи катчысы кыргыз маданиятынын каймактары менен
4 / 14
Жазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
5 / 14
Республика башчысы Сузак районундагы "Коммунизм" колхозунун пахта терүүчүлөрү менен
6 / 14
Усубалиев жана Мозамбиктин президенти Самора Машел
7 / 14
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева, СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Социалисттик эмгектин баатыры, режиссёр Марк Донской, актриса Лидия Смирнова жана Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматов. Фрунзе шаары, 1976-жыл
8 / 14
Турдакун Усубалиев жана КРдин болочоктогу өкмөт башчысы Апас Жумагулов, 1984-жыл
9 / 14
Жогорку деңгээлдеги делегацияны күткөн Усубалиев сулуулар менен
10 / 14
Мамлекеттик ишмер "легендарлуу" парламенттин депутаты да болгон.
11 / 14
Турдакун Усубалиев 66 жашында пенсияга чыккан. Сүрөттө уулу Есенкул менен, 2009-жыл
12 / 14
Турдакун Усубалиев кезектеги юбилейинде замандаштары, шакирттерди, аны сыйлаган мекендештери менен
13 / 14
Усубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен жана небереси Таир-Кемаль
14 / 14
Мамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 2015-жылы 6-сентябрда 96 жашында дүйнө салган