Журналисттер автомат, пулемёттон ок атып, аскердик унаа айдады. Видео

Журналисттер бүгүн өздөрүн чыныгы жоокердей сезди. УКМК менен УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамына карата бир катар "сыноолордон" өткөрдү.
Sputnik
Аскерлештирилген эстафета "Ала-Тоо" полигонунда өттү. Катышуучулар ат минип жарышып, аскердик унаа айдап, ар кандай тоскоолдук тилкелеринен өтүштү. Ошондой эле автомат, тапанча, жадагалса пулемет менен ок атышты.
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды. Сүрөт
Иш-чаранын соңунда журналисттерге кызматташтык үчүн Ардак грамота, медаль, Ыраазычылык кат тапшырылды.
Эскерте кетсек, өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет.