Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Бишкекте өтүп жаткан "Борбордук Азия ― Европа биримдиги" форумунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкектен Будапештке жумасына эки каттам аткарылып турмакчы.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыртан бери жүрүп келет. Апрель айында Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясынын жетекчиси Бишкек ― Будапешт ― Абу-Даби аба каттамын ачуу маселесин талкуулоо үчүн учуп келген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аталган өлкөдө Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы макулдашылган.