Мирзиёев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча жарлыкка кол койду

Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзмөкчү. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Уставдык капиталы 50 миллион долларлык (кийин 200 миллионго жеткирүү планы менен) өнүктүрүү фондун түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге Садыр Жапаровдун март айында Өзбекстанга жасаган сапарында кол коюлган.
"Өзбекстан менен Кыргызстан өкмөтүнүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишими бекитилсин", — деп айтылат документте.
Кыргызстанга россиялык компаниялардын бизнес-миссиясы келет
Фонд экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү максатында негизделди. Анын милдеттери менен функциялары атайын устав менен бекитилет. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.
Өзбекстан тараптан келишимди ишке ашырууга Инвестиция жана тышкы соода министрлиги милдеттүү болду.