Көп замандаштары Жусубалиевдин калеминен жаралган чыгармаларын жанталаша окуп, гениалдуу жазуучу экенин айтып тамшанат. Адабият сүйүүчүлөрдүн башка бир бөлүгү түшүнүү кыйын дешет. Кердегей көптөрдө жок таланты, ой-туюмунун тереңдиги менен өзгөчө.
Кубатбек Жусубалиев 1940-жылы (документтеринде 1941-жылдын 30-октябрында деп жазылып калган) жарык дүйнөгө келген. Туулган жери Кыргыз ССРинин Ош облусундагы Алай районуна караштуу Жошолуу өрөөнүндөгү Кердегей айылы. Ошол туулган айылын өз атына кошуп Кубатбек Кердегей деп псевдоним да кыла койгон учурлары бар.
Фрунзеге келип, улуттук университеттин филология факультетин аяктайт. Алгач Чоң Алайда мугалим, Ошто журналист, Фрунзеде киноредактор болуп иштеп, чыйырын да башкача салган. Прозага сүңгүдү, сценарий жазды, киного тартылды, авангарддык ырларга ык койду, котормого аралашты. Бир топ суулар акты, мезгил алмашты. Ой-туюм өзгөрдү, көптөр сезбеген нерселерди аңдады, ой калчады, дүйнө-өмүрдү тегеретти. Бир чындыкты издеди, өзүнө ылайык деген дүйнөсүн обочолонгон айдыңдан тапты.
Жазуучу Бишкектин 7-кичи районунда жашаган үйүн калтырып, Алайга, Кердегейине кетип калды. Кызыл аскага жабыштырып, бышкан кызыл кыш менен там салды. Энеси экөө жашаган эски үйдүн түркүгү менен торсундарды тиретти, тоодон тапкан таштарды тизип, айбанга чыгар-түшөр тепкич кынады, там аркасына өрүк, алма, карагат, жүгөрү экти. Сыртка чыгып, дүйнө аралап, көңүлүнө төп келген жерлерге барганы менен убактысынын көбүн Кердегейинде, кичи мекениндеги деми өзгөчө жылуу жеринде өткөрөт.
Дүйнө аралап демекчи, бир нече убакыт мурда атактуу Далай-ламага жолугуп, көптөр ынтызар болуп жүргөн ыйык Кайласка зыярат кылып келгени бар. Борборго келсе күйөрмандары бура бастырбай маектешип, кызыктуу соболдорун узатса, Кердегейге кеткенде жазуучуга жолугуу үчүн каттагандар да арбын.
Чыгармаларынын таржымалы
1963-жылы "Ала-Тоо" журналына "Тоолорго жаз кеч келет", "Жол боюндагы теректер" аттуу аңгемелери басылат. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген ат менен Фрунзеден "Кыргызстан" басмасынан 110 бет көлөмүндө чыккан. Китепке "Тоолорго жаз кеч келет", "Жол боюндагы теректер", "Эскерүү" аттуу үч аңгемеси кирген. 1974-жылы "Кожожаш мерген" киноповести жазылган.
1981-жылы "Толубай сынчы" деген ат менен китеби чыккан. Ага "Түш", "Кыш", "Шатыдагы балдар", "Жолборс эки уйду жыгып жатат", "Туулган күн", "Толубай сынчы", "Койчу жана жөө туман" аңгемелери, "Жижи үчүн жазылган жомоктор" түрмөгү кирген. Мына ушул эки жыйнактан кийин жыйырма жыл бою анын чыгармаларын басууга кимдир бирөө тыюу салгандай журналдарга да, китептерге да чыкпай калат. 1980-жылы "Гимн" деген аңгемеси "Мугалимдер газетасына" жарыяланган.
Жыйырма сегиз жашында, 1969-жылы "Муздак дубалдар" аттуу романын жазган. "Советтик саясий идеологияга туура келбейт, сөздөрү ордунда эмес, сюжети жана композициясы чачкын, идеясы шектүү..." дегендей сындар айтылат да, чыгарма жыйырма жылдан ашык автордун сандыгында жатып, 1990-жылы "Адабият" басмасынан китеп болуп чыгат. Ушундай эле жарлыктар тагылган "Амбарная книга" деген повести да 1987-жылы "Ала-Тоо" журналынын №8 санына – жазылгандан 17 жыл өткөн соң "Күздүн акыркы күнү" деген ат менен жарыяланат. 1985-жылдан башталган горбачевдук кайра куруунун желаргысы гана Кубатбек Жусубалиевдин жазгандарын окурмандары менен кездештирет. "Кожожаш" чыгармасынын негизинде Мар Байжиев "Байыркы жомок" деген драма жазып, сахнада коюлду, ошол эле автор Төлөмүш Океев экөө сценарийин жазып, Төлөмүш Океев эки сериялуу "Ак илбирстин тукуму" аттуу мыкты фильмин тартты (1984).
Жусубалиевдин бир топ күйөрмандары, алардын ичинде "Асаба" газетасы 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" аттуу көлөмдүү китебин көп нускада чыгарып берди. Кыргыз китеп чыгаруу өнөрүндөгү полиграфиялык жактан мыкты бул китеп жазуучуну бир кыйла кеңири таанытты. Андагы "жети сөз" кайсы дегенде, Кубатбек Жусубалиев "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген жети сөздөн турган ушул макал экенин, кыргыздын бүт философиясы, жашоонун маңызы, этика-эстетикасы ушул жети сөзгө байланганын айтып, ушуну эле идеология кылып алыш керек деп жүрөт.
Ал эми поэзиясы да элдикине окшобойт: орусча, кыргызча, уйкаш, бейуйкаш болуп кете берет. Түшүнүү кыйын. Аларды жалпысынан "Одинокие заметки" ("Авангардические стишки") деп атады.
Наам, сыйлык дегендерди жактырбаган мүнөзү бар. 2019-жылы КР Улуттук жазуучулар союзу демилге кылып, ой-боюна койбой Кыргыз эл жазуучусу деген наамды алып берген.