Бишкекте тамакка ууланган адамдардын саны 300гө жетти

Уулануу өткөн ишембиде катталып, жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Учурда ооруканада 31 киши дарыланып жатат, анын бешөө балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Буга чейин кайрылгандар 253 болчу. Мурзашевдин айтымында, кечээ кечинде алардын саны 290го жетип, эртең менен 300 болду.
Учурда ооруканада 31 киши дарыланууда, анын бешөө балдар. Абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтаптар акырындан үйүнө чыгарылып жатат. Кечээ стационарда 60 киши бар болчу.
Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.
Министрлик кафеде тамакка уулангандар эмнеге көбөйүп жатканын түшүндүрдү
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.
Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.
Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.