112 кишиден коронавирус табылып, оору үч бейтаптын өмүрүн алды

Көз жумгандар коронавируска каршы вакцина албагандыгы айтылды. Пандемия башталгандан тарта дарттан 2 658 адам каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 112 кишиден коронавирус аныкталып, 99 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 180 741ге жетти. Анын ичинен 175 196сы айыккан. Бир суткада эмделбегендер арасында үч бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Пандемия башталгандан тарта өлкөдө жалпысынан 2 658 адам каза тапты.
Азыркы тапта стационарда 680, ал эми амбулатордук шартта 687 адам дарыланып жатат.