Аксыда Ниязаалы Борошев менен жазуучу Касымбековдун мааракеси өтүүдө. Сүрөт

Атактуу комузчу Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы менен белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы кичи мекенинде өтүп жатат. 
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди. 
1 / 4
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
2 / 4
Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
3 / 4
Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
4 / 4
Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө.
"Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду. Ага облустун аткаминерлери, өлкөдөгү маданий ишмерлер, окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты”, — деп жазылат билдирүүдө. 
Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
Жапаров жана анын орун басарлары Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду
Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген. Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.  Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык парламенттик комиссиясын жетектеген. Ал 2011-жылы 80 жашында көз жумган. 
Ырчы, комузчу, элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ал — залкар комузчу жана аткаруучу. Борошевдин  башкалардан өзгөчөлүгү — комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Анын "Арсар күү", "Мырза кербез", "Ниязаалынын камбаркан", "Кер толгоо", "Кара өзгөй" өңдүү күүлөрү кыргыз күү өнөрүнүн казынасын байыткан.