БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ордо калаада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 21-22-октябрь күндөрү өтүп, бүгүнкүсүнө мамлекет башчы Садыр Жапаров катышат.
Кеңешме 25-октябрда белгиленчү жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчынын аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышары кошумчаланды.