Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди. Сүрөт

Акынды акыркы сапарга узатууда сөз сүйлөгөндөр Абылкасымованын маданият менен искусствонун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Чүй облусунун башчысынын орун басары Нурил Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, акындын калемдештери жана жакындары катышты.
1 / 7
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
2 / 7
Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Чүй облусунун башчысынын орун басары Нурил Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, акындын калемдештери жана жакындары катышты
3 / 7
Коштошуу зыйнатында Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкону белгиленди
4 / 7
Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан
5 / 7
Ал Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
6 / 7
1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган
7 / 7
1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн
Коштошуу зыйнатында Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкону белгиленди.
Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.
Ал Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Опера искусствосуна өмүрүн арнаган. Ирина Деркембаевага жазылган некролог
1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.
1961-жылы акындын алгачкы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактардын автору. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.