Эртең мененки тамакта холестериндин аз болушу үчүн эмне кылуу керек

Дарыгерлер эртең менен көптөр жеген боткону, майды, жумуртканы кантип бышырса пайдалуу болорун айтышты. Ошондой эле аларды башка азыкка алмаштырууга да кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Табигый сулу боткосун уйдун эмес, бадамдын сүтүнө бышырып жесе алда канча пайдалуу. Бул холестеринди азайтарын "Известия" дарыгерлерге таянуу менен жазды. 
Ооруга кептейт. Диетолог 45 жаштан кийин баш тарта турчу азыктарды атады
Мындан сырткары, адистер ак майдан көрө авокадону колдонууну сунуштаган. Ал дагы "жаман холестеринди" кетирип, арыктайм дегендерге жардам берет.
Ошондой эле жумуртканын сарысына караганда агын жеген пайдалуу экенин айтып, аны кууруганда чөп-чар жана жашылча аралаштырып жиберүүнү сунушташкан.
Мындан сырткары, бир стакан апельсин ширеси да ичеги-карындан зыяндуу холестериндерди чыгарары айтылды.