Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр

Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолун куруу иши кызуу жүрүүдө. Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы ири курулуш жүрүп жаткан жерге барып келди.
Sputnik
2014-жылы Кыргызстанда тоонун өйүз-бүйүзүн байланыштыруу үчүн Түндүк — Түштүк жолунун курулушу башталган. Бишкек — Ош кан жолу учурда өлкөнүн башкы транспорттук артериясы катары кала бергени менен улам өсүп жаткан агымга туруштук бере албай калууда. Күн сайын жолдон 10-18 миң унаа өтөт.
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Азыркы тапта Түндүк — Түштүк жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.
Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолу насыянын эсебинен курулуп жатат.