Чал, абышка, аксакал деп жашы улгайган карыя болгон үчүн эле айтылган эмес. Үч аталыш үч башка адамга таандык. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" программасында маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, учурда өз ата-энесине деле чал-кемпир деп кайрыла беришет. Бул туура эмес көрүнүш.
"Кыргызда чал, абышка жана аксакал деп үч башка кишини айтышкан. Эгер адамдын жашы улгайып карыя болуп калса эле ал чал дагы, абышка же аксакал дагы боло бербейт. Мисалы, абышка деп өз турмушуна тың, балдары айтканын уккан, бир айылга болбосо да тууган-уругунун арасында аброю бийик киши аталган. Ал эми аксакал бул наам катары ыйгарылган. Күмүштөй сакалы ээгинен ылдый төгүлүп турганы үчүн эле аксакал болуп калган эмес. Ал адамды жумурай журт сыйлап, эл анын кеңешин угуп, маанилүү маселелер ансыз чечилбеген кадыр-барктуу карыяны аксакал дешкен. Ал эми чал деп жашы улгайып калса да жасаган жакшы бир жумушу жок же калтырган туягы жок, жүрүм-туруму салабаттуу эмес, башкаларга өрнөк боло албаган адамды аташкан. Тилекке каршы, учурда сый катары бардык улгайган адамдарга эле аксакал деп кайрылып же ата-энесин деле чал-кемпир деп атап койгон учурлар көп", — деди Мураталиев.
Ал ушундай эле көрүнүш аялдарга да тиешелүү экенин, мында элге сөзү өтүмдүүсү байбиче, андан соң кемпир жана жаманы мастан деп аталарын кошумчалады.