Кыргызстан өндүргөн алтынын Индияга сатууну сунуштады

Мумбайда Өнөр жайчылар ассоциациясы уюштурган бизнес-форумга Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстан өндүргөн алтынын Индияга сатууну сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мумбайда Өнөр жайчылар ассоциациясы тарабынан уюштурулган Speed Networking бизнес-форуму өтүп, ага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев, Мумбайдагы 60тан ашуун алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле бир катар чет мамлекеттердин башкы консулдуктары жана соода өкүлдөрү катышкан.
Пленардык отурумдан кийин элчи ар кандай сектордогу алдыңкы компаниялар менен сүйлөшүп, конкреттүү макулдашууларга жетишкен. Анын алкагында зер буюмдарын жасоо үчүн Кыргызстандан Индияга алтын сатуу талкууланган. Аны менен катар өлкөдө өндүрүлгөн пайдалуу кендерди экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү да каралган.
Жапаров Кумтөр тууралуу: алтын жерде калбайт, кардарлар кезекте турушат
Мындан сырткары, жыл сайын 100 тоннага чейин кургатылган жемиш жана 400 тоннага чейин асафетида жемиштерин жеткирүү боюнча сүйлөшүлгөнү айтылды.
Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.
Ал эми 19-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарган. Экономика жана финансы министри буга комментарий берип жатып, алтын сатуунун жаңы каналдарын ачуунун үстүндө иштеп жатканын билдирген.