"Коопсуз шаардын" экинчи этабы үчүн Мониторинг борбору даярдалды. Сүрөт

Экинчи этапта Кыргызстандын түндүк бөлүгүнө 306 жерге камера коюлат, анын ичинен стационардык — 266, жылып жүрө тургандары 40 даана болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды
2 / 3
Билдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет
3 / 3
Ичине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган.
Билдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет. Ичине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган. Ошондой эле компьютер жана коммутациялык түзүлүштөр менен жабдылды.
Аталган платформа Кыргызстандын түндүк бөлүгүндөгү жол эрежесин бузууларын каттоого алары белгиленди. Ал жерге коюлган камералар бардык маалыматты түз эле  Мониторинг борборуна жөнөтөт.
"Коопсуз шаар — 2". Кыргызстандын төрт шаарына камера орнотулду
Операторлор транспортко жана жөө адамдарга, кандай ылдамдык менен айдагандыгын, жол чырактын белгилерин сактоого, туура эмес жерге токтотулган автоунааларга байкоо салат.
Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин айтымында, "Коопсуз шаардын" экинчи компонентинин негизги жумуштарын жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Долбоорду даярдоо иштери август айында башталган.
"Коопсуз шаар" өлкөнүн бардык облустарын жана республикалык эки калааны, облустук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт. Долбоордун экинчи этабын 2022-жылдын 10-мартына чейин бүткөрүү пландалган. Анын алкагында 306 жерге камера коюлат, анын ичинен стационардык — 266, жылып жүрө тургандары 40 даана болот.