Балалуу келинди салбай койгон айдоочу. Мэрия окуя боюнча үн катты

Мындай окуялардын кайталанбашы үчүн шаар бийлиги бир катар аткаминерлерге эскертүү бергени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы көчөдөн коляскасы менен балалуу келинди маршруткага салбай койгон айдоочу тууралуу үн катты.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, шаар бийлиги жүргүнчүгө орой, жоопкерчиликсиз мамиле жасаган айдоочунун жоругуна ачууланган.

"Шаардык транспорт башкармалыгы "Совет бригады" аттуу эл ташуучу фирмага (анын жетекчиси Жумашалы Куттубаев) ыкчам чара көргөн. Фирма менен айдоочу мэриянын кара тизмесине киргизилип, айдоочу иштен алынган", — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана мындай учурлардын кайталанбашы үчүн мэрия жетекчилиги транспорт маселесин тескеген вице-мэрге, тийиштүү бөлүм башчыга, начальник жана Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарына карата дисциплинардык мүнөздөгү чара көрүүнү тапшырган.

Пенсионер, окуучулар үчүн жол кире канча болот? Расмий жооп
Ошол эле учурда башкармалык фирмаларга эл ташыган айдоочуларга этика жана маданияттуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы тууралуу каттарды жөнөтүшкөн. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 

Эске салсак, буга чейин интернетте Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу балалуу келинди коляскасы менен салбай жаткан видео тараган.

Социалдык тармакка бул видео чыгары менен тартип сакчылары издөө иштерин жүргүзүп, Арча-Бешик — Дордой каттамындагы 203-маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан. Ал 1984-жылы туулган М.Б. экени белгилүү болуп, айдоочу эмне себептен балалуу келинди салбай койгонун түшүндүргөн.