БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Күзүндө балыкты көбүрөөк жеген пайдалуу экендигин айткан Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин медицина факультетинин доценти, диетолог Андрей Бобровский алардын кайсы түрлөрүнө басым жасоо керектигин Sputnik радиосунун эфиринде санап берди.
Адис аталган азык көп оорулардын алдын аларын жана түшкөн маанайды көтөрөрүн да баса белгилеген.
Балык алмашкыс аминокислоталарга, витаминдерге жана микроэлементтерге бай. "Цивилизациянын оорулары" деп аталган жүрөк-кан тамыр, тамак сиңирүү органдары менен нерв системасынын илдеттерине жакшы даба. Азыркы диетологиянын шарты менен алганда балыктын адамдын рационунда жумасына 3-4 ирет болушу зарыл.
"Балык этти алмаштыра турган зат. Эгерде аны түрлөп жесеңер андан бетер жакшы. Үч "С" эрежеси бар, алар — сельдь, скумбрия жана сардина. Анча кымбат эмес, оңой табууга болот жана балыктын эң пайдалуу түрлөрү", — деген Бобровский.
Адистин айтымына караганда, бул үч балык жегенде организм серотонинди иштеп чыгат. Адатта аны "көтөрүңкү маанайдын гормону" деп атап коюшат.
Диетолог тоңдурулган балыктардан деле баш тартпаш керек деген пикирде.
"Дүкөндөн балыктын тоңдурулганын тандап, аны үйдөн жибитип алган жакшы. Көпкө чейин музда тургандары коопсуз деп эсептелет", — деген Бобровский.
Буга чейин британиялык дарыгер холестеринди жок кыла турган азыктарды санап, алардын катарына балыкты да кошкон.