Бишкекте 7 инсандын эстелигине QR код орнотулду. Максаты

Эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалымат ала алат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында орнотулган QR коддорду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Эсте" коомдук фонду билдирди.

Бишкекте 7 инсандын эстелигине QR код орнотулду. Максаты

Маалыматка ылайык, эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалыматты ала алат. Тарыхты даңазалоого багытталган долбоорду "Эсте" коомдук фонду жүзөгө ашырды.

Ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук ишмер жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов жана фонддун президенти Айбек Кыштобаев катышты.

Долбоордун негизги максаты — кыргызстандыктардын арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, ошондой эле өлкөнүн туристтик тармагын өрчүтүүгө колдоо көрсөтүү.

Бишкекте 7 инсандын эстелигине QR код орнотулду. Максаты
"Командабыз бир жылдан бери тер төгө иштеп, QR коддорду орнотуу иши жүзөгө ашты. Чыңгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, Айкөл Манас жана башка көптөгөн улуу инсандар тарыхта өчпөс из калтырышты. Биз урпактары катары алар тууралуу маалыматты кийинки муунга бөксөртпөй өткөрүп беришибиз керек", — деди Кыштобаев.

Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча жети эстеликтин жанына QR код орнотулду. Сайтындагы маалыматтар кыргыз, орус тилдеринде жеткиликтүү.