Спортчу Мамашов АСА мелдешинде UFC уюмунун экс-мушкери менен беттешет

Кыргызстандык атлет аталган лигадагы акыркы үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген. Ал эми атаандашы акыркы үч кармашынын баарында утулган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов кезектеги беттешинде UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильверио менен таймашат. Бул тууралуу аталган уюм Instagram баракчасына жарыялады. 

Беттеш 4-октябрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өтөт.

"Кыргызстандык мушкер беттештеринин дээрлик 100 пайызын мөөнөтүнөн мурда жеңип келет. Ал турсун АСА124 мелдешинде бонус алууга да жетишти. Чеченстанда өтүүчү юбилейлик мелдеште ал бразилиялык Элиас Сильверио менен беттешип, түштүк африкалык Марк Хульмдун ордуна чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.

Физиевдин акыркы таймашы август айындагы мыкты кармаш болду
Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 16 беттешке чыгып, 14 учурунда атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан. Мамашовдун атаандашын эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын 2021-жылдын жарым жылдагы мыкты нокауту деп табылган.

Кыргыз мушкери аталган уюмда акыркы үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген.

Ал эми анын атаандашы Сильверио 2013-2015-жылдары Ultimate Fighting Championship (UFC) уюмунда беттештерди өткөргөн. Ал ММА спортунда жалпысынан 24 кармаш өткөрүп, 16 учурунда атаандашын уткан. Жети ирет жеңилген. Бразилиялык атлет АСА уюмундагы акыркы үч беттешинин баарында жеңилүү ызасын тарткан.