Бийликти басып алууга шектелип камалган Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады

16-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту Алмаз Сарыбаевди эки айга абакта калтырган. Эки апталык карантинден өткөн соң ал Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго жиберилет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга шектелип камакка алынган Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдирди.

Аталган борбордун кызматкерлери "Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сарыбаев кармалып турган Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына барышты.

Маек учурунда ал мыйзамсыз козголгон кылмыш ишине нааразы экенин билдирип 15-сентябрдан баштап тамак-аш ичүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу убактылуу кармоо жайынын жетекчилигине 17-сентябрда билдирген.

"Сарыбаевдин абалы канааттандырарлык. Анын саламаттыгын текшертүү үчүн абакка эки ирет Тез жардам кызматы чакыртылган", — деди борбордон.

300 миң доллар пара алды делген экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды
Эске салсак, Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. 16-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга абакта калтырган. Эки апталык карантинден өткөн соң ал Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго жиберилет.

Буга чейин ушундай эле айып менен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов колго түшүрүлгөн.