Өлкө аймагында апийим орус падышачылыгы келгенге чейин эле өстүрүлүп келген. Кийин советтик бийлик орногон жылдары мамлекет аны толугу менен жөнгө салган. Жергиликтүү колхозчулар бир гектардан 60 килограммдан ашык жогорку сапаттагы апийим чогулткан. Жалпы Кыргыз ССРинин 84 колхозу аталган өсүмдүктөн түшүм алса, күн сайын талаада 50 миңдей адам эмгектенген.
Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Пржевальск (азыркы Каракол) зоналык сыноо станциясынан апийимдин жаңы сорттору чыгарылган. Ал жылдары кыргызстандыктардын апийиминин морфиндүүлүгү 10-12 пайызга чейин жеткен. Ошондуктан СССРдин фармакологиясында кеңири колдонулган жана 60-70-жылдары республика дүйнө жүзүндө колдонулган жалпы апийимдин 16 пайызын камсыздай алган. Ошол маалда апийимге байланыштуу кылмыштар кескин көбөйүп, баңгизатты сатып алуу үчүн түрдүү кылмыштуу топтор агылып, төбө чачты тик тургузган жоруктар болуп турган. Жыйынтыгында бийликтегилер 1974-жылдан баштап өлкө аймагында апийим өстүрүүгө толугу менен тыюу салган.
Андан сырткары, ал кездерде техникалык кара куурай да өстүрүлгөн. Сабагы кайра иштетилип, аскердик кийим-кечек, чатыр, мүшөктөр даярдалган. Бирок кесепети көп болгондуктан аны да айдоого кийин тыюу салынган.
Ошол жылдардагы оор абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги чоң материал даярдаган.