ЖК шайлоосу: Кыргызстан 36 округга бөлүндү

Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы жалпысынан 90 депутаттан турат, алардын 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемасы менен чектерин бекитти. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

ЖКга пропорционалдык жол менен тизме аркылуу партиялардан келген талапкерлердин ичинен 54 депутатты шайлоо КРдин бардык аймагында бирдиктүү шайлоо округу менен болот. Муну менен катар КРдин аймагынан сырткары жашаган добуш берүүчүлөр бирдиктүү шайлоо округуна катталат деп эсептелет.

"Мажоритардык система менен ЖКнын 36 депутатын шайлоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди. Соңку тизме
Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышкан.

Бир мандаттуу округдарды түптөө үчүн БШК элди каттоо, жер ресурстарын тескөө боюнча иш алып барган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарына таянган.

"4-сентябрда шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 687 миң адамды түздү. Ал эми сыртта жүргөндөрдү эсепке албаганда 3 миллион 617 миң адам болду", — деп билдирди БШК.

Ар бир округ болжол менен 100 476 шайлоочудан түзүлөрү, мында +/- 20 пайыз деген маалымат айтылды.

Жогорку маалыматтардан улам облустар боюнча карай келгенде төмөнкүдөй болду:

  • 36 округдагы шайлоочулардын саны —3 миллион 617 миң;
  • Бишкекте - 4 округ (428,6 миң шайлоочу);
  • Ош шаары менен Ош облусунда - 9 округ (898,6 миң);
  • Баткенде – 3 округ (305,1 миң) ;
  • Жалал-Абадда – 7 округ (686,4 миң);
  • Талас – 2 округ (163,1 миң);
  • Чүй – 6 округ (609,8 миң);
  • Нарында – 2 округ (209,1 миң);
  • Ысык-Көл – 3 округ (316,6 миң шайлоочу).

Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлерди көрсөтүү округдардын тизмеси расмий жарыялангандан тарта башталып, добуш берүүгө 45 календарлык күн калганга чейин аяктайт. БШК эсептеп көрүп, бул 13-октябрь болуп каларын кошумчалады.