Жаңы коргоо министри генерал-майор болду. Дагы кимдер наам алды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды аркалаган бир нече адамга жогорку аскердик наам ыйгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жаңы дайындалган коргоо министри Бактыбек Бекболотов генерал-майор наамына ээ болду. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Артем Новиков аскердик наам алды. Видео
Аскердик жогорку наамдарды тапшыруу боюнча жарлыкка өлкө башчы кол койду. Эске салсак, Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп кечээ, 6-сентябрь күнү, дайындалган. Буга чейин ал Куралдуу күчтөрдүн полковниги болчу.

Андан тышкары, УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев дагы генерал-майор болду.

Ал эми буга чейинки коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генерал-лейтенант наамын алды. Ушундай эле чинге Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов татыды.

Буга чейин Кыргызстанда канча адам генерал наамын алгандыгы тууралуу Sputnik агенттигинин материалынан көрсөңүз болот