Адамдын организминде канттын күнүмдүк нормасы канча болушу керек? Дарыгердин жообу

Адис кант соус, кетчуп азыктарында, консерваланган жашылчада жана даярдалып сатылган эртең мененки тамактардын курамында бар экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Эндокринолог-диетолог Татьяна Бочарова адам бир күндө канча кант жесе ашыкча болбой тургандыгын айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"25-50 грамм — чоң киши үчүн норма деп эсептелет. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекитип берген көлөм. Мунун ичинде кумшекер эле эмес ар кыл таттуу тамактар, канты бар экени билине бербеген азыктар бар", — деген дарыгер.

Анын айтымында, кант соуста, кетчупта, консерваланган жашылчада, майы азайтылган сүт азыктарында жана даярдалып сатылган эртең мененки тамактын курамында бар.

Диетолог кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү азыктарды атады
Бочарова 25-50 грамм болжол менен 5-6 кашык кумшекер экенин айтты. Тагыраагы, эгерде чай же кофени күндө ичип, ага 2-3 кашык коштуңуз дейли. Андан кийин дагы бир аз таттууга "уруксат" калат, бул — болжол менен алганда 0,50 грамм шоколад, газдалган 0,33 грамм суусундук же эки банан.

Дарыгер адам таттууну көп жегенде ал азыктардын калорийи рациондун жалпы калорийинин ичинен 10 пайыздан ашпашы керектигин билдирди. Андан көбөйсө экинчи типтеги кант диабети жана толуп кетүү тобокелдиги жаралат.

Таттуу туурасында айтканда балдар өзгөчө маанилүү экендигин эскерте кетсек. 10 жашка чейинки балдарга күнүнө үч кашык кумшекерден көп берүүгө болбойт. Ал эми 3 жашка чейинки бөбөктөрдүн организмин түзүмүндө канты бар жашылча-жемиштин жардамы менен толтурса болот.