БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Глобалдуу жылуулук менен түбөлүк тоңуп турган муздардын эрип, анын кесепети адамзат үчүн абдан коркунучтуу болгон вирустарга "жан бериши" мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Чыгыш экономикалык форумда сүйлөгөн окумуштуу, тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Рае Квон Чунгдун айтканына таянып билдирди.
Анын билдиргенине караганда, муздардын эриши Сибирдеги тайга жана тундрада байыркы оорулар менен вирустарды кайра "ойготушу" мүмкүн. Илимпоз дүйнө коомчулугун түбөлүк муздардын эришине байланышкан тобокелдиктерге көңүл бурууга чакырды.
"Биздин заманга чейинки болгон же жүз миңдеген жыл мурда кездешкен вирустардын ичинен кайсынысы кайрадан пайда болушу мүмкүн экендигин эч ким алдын алып айта да, биле да албайт. Алар кайрадан жанданат... Биз мурда көрүп-билбеген, бет келишпеген ар кандай вирустардын бар экенине көзүм жетип турат", — деген Рае Квон Чунг.
Россиялык окумуштуулар климаттын жылышынан улам түбөлүк тоңгон муздардын эриши байыркы экосистеманын, аны менен кошо вирустардын жер үстүнө чыгышына алып келиши мүмкүн деген нерсеге көңүл бурушту. Маселен, илимпоздор мамонттун калдыктарынан сибирь жарасын тапкандыгын билдиришкен.
Чыгыш экономикалык форуму 2-4-сентябрь күндөрү Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өттү. Анын негизги темасы "Ыраакы Чыгыштын өзгөрүлүп турган дүйнөдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрү" деп аталган.