Мактап да, сындап да көрүшкөн. "Каныбек" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер

Sputnik

Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров 1977-жылы "Каныбек" тасмасын тартууга киришет. Анын оператору Мурат Жыргалбаев, композитору Калый Молдобасанов болсо, фильмдин сценарийин Базаров менен Кадыркул Өмүркулов экөөлөп жазган.

Белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшевдин тарыхый романынын негизинде тартылган эмгекте XIX кылымдагы кыргыз элинин турмушу, социалдык жашоосу көрсөтүлөт.

Ал кезеңди КРдин эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Каныбекти" баштаганда алгач эки серия кылып тартуу пландалып, бардык маселелер макулдашылган. Ишти 1977-жылы баштап, 1978-жылы толугу менен бүткөнбүз. Актердук курам абдан күчтүү эле. Оштогу өзбек театрынын актерлору да чакырылган. Бирок кийин акча жок деп бизди ыңгайсыз абалга таштап, ишибиз башаламан болуп, экинчи сериясы тартылбай калды. Мен көп кызыктуу эпизоддорду фильмдин экинчи бөлүгүнө калтырып койгон элем. Ошентип ал кинокартина өтөсүнө чыкпай, чыгармадагы баян толук экрандаштырылбай калган. Убакыт өткөн соң баштаган ишибиз эмнеге соңуна чыкпай калганын билип калдым. Кыскасы, атайын бут тосуп коюшуптур, кимдер кылгандыгын азыр айтуунун зарылчылыгы деле жок. Жаш болчубуз, массовкага эле миңдей адам катышкан. Көрүүчүлөргө сунушталганда мактагандар да, сындагандар дагы болгон", — деди Базаров.

"Оскарга" көрсөтүлгөн "Көк серек". Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр
Аталган эмгекте жаштайынын байлардын колунда кул болуп жашоосун өткөргөн Каныбектин жашоо-турмушу чагылдырылат. Малайлыктын айынан ал энесинин мээриминен алыстап, сүйүп калган сулууга жетпей калат. Ошондо акыйкатсыздыктан тажаган башкы каарман өзүнүн, кедейлердин таламын талашканга далалат жасайт. Орто жолдо жеңилет, башынан көп азап-тозокту өткөрөт. Соңунда жалгыз терек токой болбой тургандыгына көзү жетет.

Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Чоң Кемин, Алай жана Кочкор райондорунда тартылып, анда Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Бакен Кыдыкеева, Насыр Кытаев, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Чоро Думанаев, Мария Кутманалиева, Жекшенаалы Арсыгулов, Аман Камчыбеков, Дүйшөн Байдөбөтов жана Оштогу өзбек театрынын актерлору катышкан.

1 / 12
Базаровдун "Каныбек" фильминде кыргыз элинин XIX кылымдагы жашоо-турмушу чагылдырылган
2 / 12
Тоо койнунда кызуу иштеген киночулар
3 / 12
Башкы ролу аткарган жаш Аман Камчыбеков
4 / 12
"Каныбектин" массовкасына эле миңдей адам катышкан
5 / 12
Айдарбек датканын ролунда белгилүү актер Советбек Жумадылов
6 / 12
Актер Аман Камчыбековго отуруп алып кеп-кеңеш берип жаткан режиссер
7 / 12
Тасма тартуу учуру: Сүймөнкул Чокморов менен Аман Камчыбеков
8 / 12
Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Чоң Кемин, Алай, Кочкор райондорунда камерага түшүрүлгөн
9 / 12
Сууда байдын жан-жөкөрлөрү менен мушташкан Каныбек
10 / 12
Ээн талаада минген атынан айрылып муңканып отурган башкы каарман
11 / 12
Кедей-кембагалдар менен байдын куйруктарынын тиреши. Фильмдеги эпизод
12 / 12
Залкар актер Советбек Жумадылов менен таланттуу режиссер Геннадий Базаров