"Афган факторунан" улам доллар кыйроого учурай турганы божомолдонууда. Буга чейин мындай тынчсызданууга АКШ экономикасынын олку-солкулугу — мамлекеттик карыздын өсүшү, экономикага триллиондогон акча салуулар себеп эле. Дүйнөлүк дедолларизацияны талибдер тездетер-тездетпесин РИА Новости талдап көрдү.
Кезектеги кыйроо
Американын акча бирдигинин тагдырына Goldman Sachs Asset Management төрагасы жана Улуу Британиянын мурунку финансы министри Жим О’Нилл тынчсызданууда. Анын айтымында, лидерлик жоюлду. Дүйнөлүк валюта деген макам да күмөн жаратып турат. Америкалык аскерлердин Афганистандан шашылыш чыгарылышы абалды курчутуп жиберди.
Доллар 1975-жылы, тагыраагы, АКШ Вьетнамдан кетип жатканда кыйынчылыкка тушуккан. Бирок Япония, Германия жана Кытай курсту өтө эле ылдый-өйдө болтурбай сактап калган. Алсак, Пекин ички жана эл аралык финансы рынокторунда юандын пайдаланылышын кыскарткан.
Эл аралык валюта фонду карыз алуунун атайын укуктары каралып, каалаган валютага алмаштырып алууга боло турган SDR корзинасын кайра көздөн өткөрүүдө. Жим О’Нилл эгер юань күчтөнө турган болсо, дүйнөнүн финансы системасы өзгөрө турганын белгиледи.
Европанын борбордук банкынын маалыматы боюнча, эл аралык резервде доллардын үлүшү 61,7 пайызга чейин төмөндөп кеткен. Бул 20 жылдын ичиндеги эч төмөнкү көрсөткүч. Былтыр 1995-жылдан бери биринчи жолу 60тан да ылдыйлады.
Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө АКШ бийлигинин да салымы бар. Пандемия күчөп турган маалда акча чыгарчу станогун болушунча иштетип, экономикага триллиондоп каражат салышты. Инфляция 13 жылдан берки жогорку көрсөткүчкө жетип, 5,4 пайызды түздү.
Бүгүнкү күндө доллардын динамикасын "бир кадам алдыга, эки кадам артка" деп сыпаттаса болот, мындан улам маал-маалы менен тынчсыздандырган божомолдор айтылып калууда. Ал эми Кабулдагы олдоксон эвакуация жалпы көрүнүшкө кошумча сүртүм десек болот.
Экономисттердин көбү Афганистандагы окуялардан улам экономика жабыр тартат дегенден алыс. Бул өлкөнүн дүйнө экономикасына таасири дээрлик жок. Ал эми атаандаштардын америкалык валютаны сүрүп чыгарууга дарамети жетпейт.
"Япония — АКШдан экономикалык жана аскердик-саясий жактан көз каранды мамлекет. Өз алдынча кандайдыр бир аракеттерди көрбөйт. Керек болсо Вашингтон менен мамилеси начарлап кеткен Кытай дагы мурдагыдай эле америка рыногунан көз каранды болуп турат. Пекин кырдаалды курчутууга барбайт", — деди РУДНдин экономика факультетинин доценти Владимир Григорьев.
Доллар аскердик-саясий күч, технологиялык лидерлик жана финансылык манипуляциянын эсебинен туруштук берет.
Ушундай болорун тастыктоочу жагдайлар да бар, 18-август күнү ФРС комитет жыйынынын протоколун жарыялады. Инвесторлор андан издегенин тапкандай болду: акча чыгаруучу станок токтотулат экен. Рынок бул окуя ноябрда болот деп боолголоодо.
Ал эми 2022-жылы коюм өлчөмү көбөйөт да бул дагы доллардын абалын бир топ чыңдамакчы.
Сценарий бир эле учурда, башкача айтканда, эгер АКШ дагы бир ирет узакка созулган жана кымбатка түшкөн согуш баштап ийсе гана ишке ашпай калышы мүмкүн. Бирок азырынча Ак үй дал ушул сценарийден оолактап турат.
Долларсыз эч жакка
Дүйнөлүк рыноктон долларды сүрүп чыгаруу аракети ондогон жылдардан бери жасалып келет. Эл аралык операцияларда юань менен евронун үлүшү чындап эле өсүүдө. Бирок Евробиримдик менен Кытай негизинен экспорттоочу экенин эстен чыгарбоо керек, ал эми АКШ импорттоочу негизги өлкө.
Анын үстүнө еврозона пандемиядан кийин калыбына өтө жай келүүдө.
"Борпоңдук, биримдиктин жоктугу жолтоо болууда. Германия, Франция, Австриядан башка да мамлекеттер бар. Эгер Түштүк Европа кандайдыр бир аракет көрүп кыймылдап жатса, Чыгыш Европа менен Прибалтика бүтүндөй аймакты артка тартып жаткан экономикалык балласт болууда. Ошентсе да евро доллардан кийинки эле эң күчтүү валюта экенин моюнга алуу керек", — деди Григорьев.
Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, дүйнөнүн борбордук банктарынын резервинде 11,1 триллион долларга барабар акча сакталып турат. Каражаттын алты миллиону америкалык валюта менен турса, евро менен болгону 2,3 триллион бар.
"АКШнын финансы рыногу ар кылдуулугу жана ликвиддүүлүгү боюнча биринчи орунда. Дүйнөнүн бардык бурчунан капитал тартат. Дал ушул өлкөдөн европалыктар менен кытайлыктар батынбаган долбоорлорго акча салынат", — дейт PFL Advisors инвестициялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Федор Наумов.
"Каражатты сактоо үчүн валюта тандоодо долларга басым жасалат. Өзгөчө Россияда. 2014-жылдан тарта рублдин куну долларга карата 2,5 эсе арзандап кеткен. Пандемия башталгандан берки төмөндөө 25 пайыздын тегерегинде", — деди Финансыны башкаруу жогорку мектебинин аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган.
Бирок тобокелчиликтерди болушунча кыскартуу үчүн жумуртканы бир корзинага салууга болбойт. Аналитиктер тандоо мүмкүнчүлүгүн эске салышууда, анын үстүнө валюта капиталды көбөйтпөйт. Аны эсептешүүгө колдонуу керек, болбосо конвертацияда уттуруп коюшуңуз ыктымал. Ал эми инфляциянын жогорулугун жана пайыз коюмунун төмөндүгүн эске алсак чыгымга да учурап калышыбыз толук мүмкүн.
Экономисттер бош каражатты акцияга, облигация, кыймылсыз мүлккө жумшоону сунушташат. Доллар жыл аягына чейин 73-80 рублдин чегинде кала тургандай болуп калды. Ал эми еврого карата 1,13-1,14 болору болжолдонууда. Рынокко финансы жаатындагы жаңылыктар, анан, албетте, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал таасирин тийгизүүнү улантууда.